Бишкекте кырсыктын кесепетинен айдоочу жана Тез жардам унаасы жабыркады

790

Бишкек шаарында тез жардам унаасы менен «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа кагышты. Кырсык калаанын Абдрахманов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисовдун берген маалыматына караганда, медиктер шашылыш чакырууга бара жатышкан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана тез жардам автоунаасы жабыркаган. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылганы да белгилүү болду.

Бул окуяны учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы иликтеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.