Бишкекте бет капчан 3 адам Кытай ишкерлерин тоноп кетишти

707

Уурдалган долларлар. Бишкектин түндүк тарабында Кытай ишкерлери тонолгону белгилүү болду. Окуя Дордой базарына жакын аймакта жайгашкан Келечек конушунда катталган.

Алынган маалыматтар боюнча, чет өлкөлүк ишкерлер «Лексус» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан. Ошол убакта аны «БМВ» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан түшкөн бет капчан 3 адам «Лексустун» жүргүнчүсүнөн ири суммадагы акчасын тартып алышып, белгисиз тарапты көздөй кетишкен. Уурдалган каражат болжол менен 300 миң долларга жетет.

Аталган факты боюнча кылмыштар жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, «карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми чет өлкөлүк ишкерлерге кол салгандар изделүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.