Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

5018

Бул тууралуу калаа милициясы кабарлады. Окуя Бишкектин Көк-Жар районунда катталган. Тигүү цехинен белгисиз адамдар кызды ала качып кеткени тууралуу милицияга арыз түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине «адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен катталган. Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү катары 20 жаштагы жигитти кармап, ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.