Бишкекте кыздар каракчылык көп кылууда (видео)

945

Бир үйгө эле эки жолу каракчылык кылганы барган кыздар кармалды. Бишкекте пенсионерди тоноп кеткен эки кыз колго түштү. Аларга карата «каракчылык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр кармоо учурунда милиция кызматкерлерине баш ийбей, кол салууга чейин барышкан. Кыздар тарабынан жасалган мындай кылмыш иши бир ай ичинде эле үчүнчү жолу катталууда. Буга чейин үч кыздан турган топ дүкөнчүгө бычак такап, акчасын алып кетишкен. Ошондой эле, зер буюмдарын уурдап жаткан колу туткактар видеобайкоого түшүп калган.