Бишкекте кызды коюп кеткен айдоочу унаасын таштап качып кетти

638

Бишкекте кызды коюп кеткен айдоочу унаасын таштай качты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор айтышууда. Жол кырсыгы ордо калаадагы Лермонтов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Субару» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кызды сүзгөндөн кийин башка бир унаага барып урунуп, андан соң унаасынан түшүп качып кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын маалымдады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.