Бишкекте лифттин шахтасына эки киши кулап кетип, бирөө каза тапты

696

Маалыматтарга караганда, кырсык курулуп жаткан соода борборго лифт орнотулуп жатканда болгон. Бир жумушчу Тез жардам кызматы келгенче эле үзүлүп кеткен. Ал эми экинчиси ооруканага жеткирилген.

Мамлекеттик экотехинспекциядан кабарлашкандай, курулушчулар үчүнчү кабаттан кулап кетишкен. Окуя Бишкектеги Айтматов менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан төрт кабаттуу имаратта болгон.

Учурда кырсыктын чоо жайын иликтөө үчүн комиссия иш алып барууда. Эксперттердин алдын-ала жыйынтыгы боюнча, жумушчулар коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес.