Бишкекте май куючу жайды 2 белгисиз адам тоноп кетти

924

Бишкекте май куюучу жай тонолду. Куралчан кишилер 5 миң сом алып кетишкен. Бишке шаардык милициясынан кабарлашкандай, 2 белгисиз киши курал менен ордо калаадагы Элебесов көчөсүндөгү май куюучу бекетке кирип, акчаны алып кетишкен.

Бул факты боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлерди аныктоо жана издөө иштери жүрүүдө.

Өткөн айда эле Бишкек шаарында ушундай эле окуя катталып, куралчан бет кап тагынган 2 белгисиз адам «Супер арзан» дүкөнүнө түнкү убакта кирип, кассир менен күзөтчүнү ок атуучу курал менен коркутуп, сабап кетишкен. Анда тоноочулар болжол менен 35 миң сом уурдап кетишкен. Бүгүнкүгө чейин шектүүлөр кармала элек. Аларды издөө иштери дагы деле жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.