Бишкекте маркумдарды жерге берүү — чоң маселеге айланды

961

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар айтып чыгышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, Бишкекте же Чүйдө каттоосу жок жарандардын сөөгүн жерге берүү 20 миң сомго бааланат.

Бул жакынынан ажырап кайгырып турган, жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө кошумча түйшүк алып келүүдө. Мындан улам, өкмөт бул маселеге көңүл бурушу зарыл, дешет депутаттар.