Бишкекте маршрутка менен жолтандабас кагышып, 4 киши жабыркады

1227

Бишкекте эл ташыган маршрутка менен жолтандабас кагышып, 4 киши жабыркады. Милициянын маалыматына караганда, Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде калаада каттаган №214 микроавтобус менен «Volvo» жолтандабасы кагышкан.

Байкоо камерасына түшүп калган видеого ылайык, жолтандабас жогорку ылдамдыкта келип, маршрутканы жолдун кесилишинен сүзгөн. Катуу кагылган бус тротуарга кирип барып токтогон.

Күбөлөрдүн интернетке жарыялаган видеосуна караганда, Тез жардам кызматы келип, жүргүнчүлөрдү карап жаткан. Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, жабыркагандардын бары маршрутканын жүргүнчүлөрү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин кайгуул кызматынын адистери териштирип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.