Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады

988

Башкалаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Бул тууралуу айдоочулар билдиришти. Маалыматка караганда, алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу токтомуна нааразылык билдиришүүдө. Учурда жүргүнчүлөрдү автобус, троллейбус жана таксилер ташып жатышат.

 

Өкмөт чечиминин негизинде 1-апрелден тарта жүргүнчүлөр жана жүккө болгон камсыздандыруу полиси жок коомдук транспорттордун, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сом айып пул салынат же машинелери айып жайына токтотулат.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушу тапта 3 миңге чукул маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт.