Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочунун өздүгү такталууда

831

Бишкектин Анкара көчөсүндө мас абалында «Тойота» унаасын башкарып бара жаткан айдоочунун өздүгү такталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Белгилей кетсек, кечээ интернетте видео тарап, анда көчөнүн так ортосу менен мас абалында унаа башкарып бараткан айдоочу тартылган.

Ал жолдо авариялык кооптуу кырдаал жаратып, бир нече жолу жолдун каршы тилкесине чыгып айдап, бир нече жолу токтогон. Муну окуяга күбө болгондор тартып калышкан. Жол сакчыларынын айтымында, айдоочу табылаар менен ага карата мыйзам чегинде жаза колдонулат.