Бишкекте математика боюнча шаардык олимпиада өттү (видео)

1053

Биринчи орун жана жеңишке умтулуу. Бишкекте 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар арасында математика боюнча шаардык олимпиада өттү. Эң күчтүү математик наамы үчүн баштапкы класстын 3 миңге жакын окуучусу ат салышты. Алар үчүн атайын даярдалган тапшырмаларды аткарып чыгууга бир сааттык убакыт берилди.

Уюштуруучулардын айтымында, бул ирээт тапшырмалар бир кыйла татаал болду. Алар мектеп программасына ылайык тандалып, эл аралык стандарттардын негизинде түзүлгөн. Бул сынактын жыйынтыгы жакынкы арада белгилүү болуп, олимпиаданын жеңүүчүлөрү Казакстандын Алматы шаарындагы өтө турган эл аралык сынакка жолдомо алышат.