Бишкекте математика сабагынан өткөн сынак жыйынтыкталды (видео)

730

Бишкекте математика сабагынан өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Белгилей кетсек, бул сынак Бишкек шаарындагы мектептердин окуучуларынын арасында гана болуп өткөн.

Өз билимин сыноого жалпысынан 3 миңден ашуун окуучу катышса, алардын 13ү жеңүүчү деп табылды. Алар Казакстандын Алматы шаарында өтө турган эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.