Бишкекте медколледждин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

667

Аны колго түшүрүү 10-сентябрда абитуриенттен келип түшкөн арыздын негизинде болгон. Ыкчам иликтөө иш-чаралары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлдү.

Медициналык окуу жайлардын биринин жетекчиси болочок студенттен окууга киргизүү үчүн 25 миң сом талап кылган. Ага чейин абитуриент 30 миң сом бергенин билдирген. Арыз түшкөндөн кийин, 12-сентябрда колледждин башчысы 25 миң сом алып жаткан учурда колго түштү.

Бул факты боюнча Финансы полициясы «Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.