Бишкекте мектеп окуучулар мушташып, бир бала каза тапты

1124

Бишкек шаарында №48-мектептин окуучуларынын мушташы 9-класста окуган баланын өлүмү менен аяктады. Тартип сакчыларынын айтымында, калаадагы балдар ооруканасына эс-учун жоготкон жана оор жаракаттары менен өспүрүм келип түшкөн. Дарыгерлер дароо 102 кызматына чалып, жерине ыкчам-иликтөө тобу барган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, борбор калаадагы окуу жайлардын биринде мектеп окуучуларынын арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен 2003-жылы төрөлгөн бала катуу жаракат алган. Ал ооруканада эсине келбей каза тапкан.

Учурда бул окуя боюнча «денеге оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук экспертизалар дайындалган. Ошондой эле, мушташтын катышуучуларын тактоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.