Бишкекте мектептеги оңдоо иштеринен улам окуучулар ууланды

706

Улуттук компьютердик гимназиянын директору Мурат Касымбековдун айтымында, ууланган балдардын абалы учурда жакшы.

Быйыл жылуулук системаларын оңдоого бюджеттен каражат кеч бөлүнгөндүктөн, оңдоо иштери эми араң башталган. Түтүктөр ширетилип жатканда, балдар кызыгып карап турушуп, газга ууланып калыптыр, дейт мектеп жетекчиси.

Директордун айтымында, балдар ооруканага түшкөн жок. 3 окуучунун башы айлана баштаганда, таза абага алып чыгып эс алдырышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.