Бишкекте «Мен таза аба үчүн!» деген аталыштагы акция өттү (видео)

780

Бишкекте «Мен таза аба үчүн» деген аталыштагы акция өткөрүлдү. Иш-чарага экологдор, студенттер, жарандык активисттер катышып, элди тазалыкка үндөгөн ураандарды которуп чыгышты. Алар, борбор калаанын тургундарын шаар ичинде ары-бери каттоо учун троллейбустарга отууну ундоп жатышат.

Троллейбустар жөн жерден тандалып алынган эмес. Коомдук транспорттун бул түрү абаны булгабайт, дешет акциянын катышуучулары. Ошондой эле, экологдор элди түтүн аз чыгарган унааларга артыкчылык берүүгө үндөшүүдө. Ал эми адистер болсо, кийинки жылдан тарта жаратылышка зыян келтиргендерге карата айыптын көлөмү көбөйө турганын да эскертишүүдө.