Бишкекте метро качан курулат? (видео)

902

Бишкекте метро линиялары курулушу мүмкүн. Мындай долбоор борбор калааны куруу боюнча 2025-жылга чейинки планга киргизилүүдө. Баш калаа жетекчилиги менен шаардык кеңештин өкүлдөрү учурда бюджетте каражат жок экенин, бирок келечекте метро курууну долборго киргизсе туура эле болорун айтышууда. Деген менен адистер борбор калаада жер астындагы темир жол куруу — өзүн актабай турганын айтышууда. Себеби аянты анча чоң эмес Бишкектин жаратылыш шартын эске алганда, анын баасы өтө эле кымбат болот.