Бишкекте милиционерди атып кетишти (видео)

726

Бишкек шаарында милиция кызматкерине кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, 2-февраль күнү түн ортосунда Борбор калаанын Свердлов районунун оперативдүү кызматкерине кызмат учурунда кол салуу болгон. Кылмышка шектүү адам милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, травматикалык тапанчадан ок чыгарган. Учурда издөө иштери жүрүүдө.