Бишкекте милиция кызматкери мас абалында жол кырсыгына кабылды

764

Маалыматтарга караганда, окуя борбор калаада Чүй менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тартип сакчысы наркологиялык борбордон текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткандыктан, ал жакка милициянын тобу чакырылып, мас абалындагы айдоочу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Бирок унаасы жабыркагандар мас милиция кызматкерине каршы арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда ички иликтөө жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, жол кырсыгына себепкер болгон адам Жогорку Кеңештин депутатынын күйөө баласы.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.