Бишкекте милиция кызматкери жол талашкан айдоочуга ок чыгарды

710

Бишкекте милиционер жол талашкан айдоочуга карата ок чыгарды. Окуя ордо калаадагы Масалиев менен Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдап бара жаткан милициянын майору 39 жаштагы Нурлан Амангулов менен «Тойота Ремикс» үлгүсүндөгү унааны башкарган 25 жаштагы айдоочунун ортосунда жол талашуудан улам пикир келишпестик жаралган.

«Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаадан чыгып, өзүн милиция катары тааныштырып, жумушка шашып бара жатканын айткан. Бирок «Тойота Ремикстин» айдоочусу аны тоготпой, кайым айтышуудан кийин Нурлан Амангуловду бетке чаап жиберген. Ошондой эле, анын колунда белгисиз буюм болгону кабарланды.

Милиция кызматкери өмүрүнө коркунуч жаралганын көрүп, травматикалык тапанчасын алып чыгып эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарыптыр. Бирок 25 жаштагы жигитти бул токтоткон эмес деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, тартип сакчы аны көздөй дагы бир жолу ок аткан. Жабырлануучу жарадар болгонуна карабастан, өзүнүн унаасына отуруп, белгисиз тарапка кеткен. Кийин ал Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунан табылган. «Тойота Ремикстин» айдоочусу он колунан жаракат алганы белгилүү болду.

Жабыркаган жигит милиция кызматкерине каршы Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды.

Белгилей кетсек, Нурлан Амангулов Бишкек шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.