Бишкекте милиция кызматкерлери түнкү клубту аткылашты

883

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери түнкү клубту аткылашты. Бул тууралуу 24 кж маалымат агенттиги жазып чыкты. Кечээ күнү кылмыш иликтөө кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп, аны тартип сакчылары катуу белгилешкен.

Кечки саат сегиздерде түнкү клубтардын бирине барышканда, ал жак жабык болгон. Аны ачууну талап кылышканда, күзөтчүлөр макул болбой коюшкан. Буга ачууланган милиция кызматкерлери эс алуу жайынын каалгасын аткылап, асманга бир нече жолу ок чыгарышкан. Бул окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, тартип бузган кызматкерлер кимдер экени аныкталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.