Бишкекте милициянын алгачкы «ачык тергөө» бөлмөсү ачылды

861

Кыргызстанда милиция кылмышка шектүүлөрдү суракка алуунун жаңы ыкмасына өтө баштады.

Бишкекте Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө алгачкы «ачык тергөө бөлмөсү» ачылды. Иш чарага өкмөт мүчөлөрү, укук коргоочулар катышты. Ачык сурак бөлмөлөрүнүн дубалдары айнектен жасалган, сырттан ичинин баары көрүнүп турат жана заманбап аудио, видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылган.

Бул долбоор “Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы” уюмунун жардамы менен ишке ашырылууда. Адистердин айтымында мындай ыкма шектүү катары кармалган адамга күч колдонууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Расмий маалыматтарга караганда былтыр Кыргызстанда 95 адам милициянын кыйноосуна кабылганын айтып прокуратурага арыз жазган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.