Бишкекте митингтерге каршы митинг өттү (видео)

1689

Митингтерге каршы митинг. Өткөн дем алыш күнү бир топ жаштар Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына чогулуп, жарандарды нааразычылык акциялардан алыс болууга чакырышты. Айтымдарында, митинг-пикеттерден карапайым калк эле жабыркап жатат.

Буга кошумча өлкөнүн эл аралык коомчулук алдындагы беделине терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле алар нааразычылык акцияларын алдын алуу үчүн Боршайкомдон алдыда боло турган шайлоолорду ачык-айкын жана таза өткөрүүнү талап кылышты.