Бишкекте молдолор акцияга чыгышты (видео)

1616

«Адам жаны — аманат». Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жол инспекторлору менен биргеликте ушундай аталыштагы акция баштады. Анын алкагында, имамдар айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежесин сактоого чакырышууда. Дин кызматкерлеринин айтымында, жол эрежесин сактабагандар адам өмүрүнө коркунуч келтирип, чоң күнөөо жасашууда. Иш-чаранын жүрүшүндө муфтияттын өкүлдөрү айдоочуларга жол эрежелерин сактабай, кимдир бирөөнүн ден-соолугуна зыян келтирүү арам болуп саналарын эскерткен маалымдама кагаздарын таратышууда. Бул акция өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.