Бишкекте «Музейдеги түн» долбоору өтүүдө (видео)

1218

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Музейдеги түн» долбоору өтүүдө. Иш чаранын башкы максаты — көнүмүш болгон көргөзмөнүн ордуна түрдүү ыкмалар менен коомчулукту маданият менен жакындан тааныштыруу.

Аталган долбоор өлкөнүн бардык аймагын камтып, жер-жерлердеги маданий мекемелер күндөгүдөн узагыраак иштешүүдө жана ага бардык каалоочулар үчүн эшик ачык. Иш-чарада бөбөктөрдөн тарта улуу муунга чейин кызыктуу көргөзмөлөр сунушталууда.