Бишкекте музыкант Лео Рохастын чыгармачылык кечеси өттү (видео)

823

Айтылуу «Одинокий пастух» чыгармасы белгилүү музыкант Лео Рохастын аткаруусунда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында жаңырды. Экватордук атактуу музыкант, пан-флейтачы кечээ борбор калаада өзгөчө концерт берди. Ал дүйнө элдеринин эпосторунун 4-фестивалына ардактуу конок катары чакырылган. Чыгармачылык кечеде Лео Рохас аспаптарда ойноп жатканда, аны Кыргызстандын «Мурас» тобунун комузчулары коштоп турду.