Бишкекте мыйзамсыз курулган 37 көп кабаттуу үй бар (видео)

8141

Бишкек шаарында эч кандай уруксаты жок салынган көп кабаттуу имараттардын саны көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө алардын саны 60тан ашса, 37си турак-жайлар. Адистер буга убагында кабыл алынган мыйзамдагы алешмедиктер кесепетин тийгизгенин билдиришүүдө.

Борбор калаанын архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакуновдун айтымында, мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөр менен бүгүнкү күнгө чейин сот иштери уланып келүүдө. Ал арада, бул ишке депутаттар да киришип, Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия иштей баштады. Алар «мыйзамсыз курулуштардын башында ким турган?» деген суроого жооп издеп жатышыптыр.