Бишкекте онго жакын үйдү суу каптады (видео)

822

Бишкек аркылуу агып өткөн Ала-Арча суусунун ташкындоосун алдын алуу иштери улантылып жатат. Шаардын кооптуу аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суунун нугун муздан тазалашууда. Бул иштерге атайын техника жана куткаруучулар тартылган. Ал арада үйлөрүн суу каптаган тургундар дагы суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга активдүү катышып жатышат. Ошол эле убакта, кыштын чилдесинде короо-жай, жер төлөлөрүн суу каптаган айрым тургундар турак-жайларын таштап туугандарыныкына кетишүүдө.