Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелген 34 жаштагы жаран кармалды

818

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектүү делген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда кечки саат алты-жетилерде болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам ордо калаанын Шопоков көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинен 12 жаштагы кызды зордуктаганы аныкталган.

Аталган факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан «зордуктоо» беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында Өзбекстандын 34 жаштагы жараны кармалды. Ал Бишкек шаарында убактылуу иштеп жүргөнү айтылууда. Мурда Өзбекстанда «бейбаштык» боюнча соттолгону белгилүү болду.

Кылмышка шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.