Бишкекте өтө турган саммитке даярдыктар кандай? (видео)

689

Кыргызстан ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитине даярданууда. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат берди. Былтыркы жылы Шанхай уюмуна төрагалык кылуу Кытайдан Кыргызстанга өткөн болчу.

Былтыр саммитте негизинен коопсуздук маселелери талкууланган. Жыйынтыгында Циндао декларациясы, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, маңзатка каршы күрөш, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо сымал 20га жакын документ кабыл алынган. Ал эми быйыл Бишкекте өтө турган саммитке даярдыктар кандай?