Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилиши мүмкүнбү? (видео)

1854

Бишкекти каптаган кара түтүн кесепетинен улам борбор калаада өзгөчө абал режими киргизилиши мүмкүнбү? Мындай демилгени бир катар активисттер көтөрүп чыгышкан болчу. Бирок бүгүнкү күндө бир да тиешелүү мамлекеттик мекеме мындай учурда кандай иш-чаралар жасалып, кандай чектөөлөр киргизилиши керек экенин так-даана айтып бере алган жок.

Анын үстүнө мындай кадамга баруу үчүн лабораториялык жактан тастыкталган бир топ аргументтер зарыл экен. Себеби Бишкектин абасынын булгануусуна бир нече себептер бар экени кара сөз түрүндө эле айтылып келет. Ал арада борбор калааны кара түтүн каптагандан каптап барууда.