Бишкекте пандемиядан улам киргизилген бир катар чектөөлөр алынды

10925

Бишкек мэриясы коронавирус илдетинен улам киргизген бир катар чектөөлөрдү алып салды. Троллейбус, автобус жана кичи автобустар дем алыш күндөрү да жүрө баштайт. Коомдук транспорттун иш убактысы эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин саат 14:00дөн 23:00гө чейин болот. Түшкү үч сааттык тыныгууда автоунааларга дезинфекция жасалат.

Кафе-ресторандар жана башка коомдук тамактануучу жайлар эртең менен саат 7:00дөн түнкү саат 12ге чейин ачык болот. Тамакты ташып жеткирүү кызматы күнү-түнү иштей берет.

Соода борборлору, эс алуу комплекстери, дүкөндөр, супермаркеттер эртең менен саат 7:00дөн түнкү 12ге чейин иштейт.

Сейилбактарга, парктарга, аянттарга киргизилген чектөөлөр алынып, велосипед ижарага берүү кызматына уруксат берилет.

Тойкана, түнкү клубдар, бар, караоке клубдар, кинотеатрлар, интернет клубдар, компьютердик оюн жайларынын иши жабык койдон кала берет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.