Бишкекте президенттик балаты майрамы болуп өттү (видео)

3110

Балдарга бактылуу балалык жана ийгиликтүү келечек камсыздаш үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Бишкекте президенттин катышуусундагы жаңы жылдык балаты майрамы болуп өтүп, анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкө балдарын жаңы жылдык балаты майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 1000ден ашуун бала катышып, анын алкагында быйылкы санариптештирүү жылына арналган шоу концерт да көрсөтүлдү. Балаты майрамында мамлекет башчысына балдардын атынан окуучулар жасап чыккан «Робот» белеке берилди. Президент дагы өзүнүн атынан балдарга белектерин тапшырды.