Бишкекте президенттин балаты майрамы өттү

928

Бүгүн Бишкекте президенттин катышуусунда жаңы жылдык балаты майрамы болду. Улутук филармонияда өткөн иш чарага өлкө боюнча 1100 бала чакырылган.

Президенттик балатыга окуунун мыктылары, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, өлкөгө көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын уул-кыздары, эл аралык мелдештерде жеңишке жетишкен жаш спортчулар, Дача СУдагы авиакырсыкта жабыркагандардын балдары катышты.

Майрамга өлкө жетекчиси жубайы Айгүл Токоева менен келди.