Бишкекте президенттин кубогу үчүн эл аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

1396

Бишкекте 28-29-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын президентинин кубогу үчүн эл аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Ачылыш аземине өлкөнүн эң мыкты суучулдары катышат. Ар бир спортчу сүзүү ыкмасынын 3 дистанциясында 50, 100, 200 метр башташы керек.

Жеңүүчүнү топтогон упайына жараша аныкташат. Иш-чараны өткөрүү максаты — чемпионаттарга катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына эң мыкты суучулдарды тандоо жана сүзүүнү спорттун түрү катары популяризациялоо.