Бишкекте #Reакция жарандык акциясы өттү (видео)

2680

Бишкекте ак үйдүн алдында «Реакция» аталышындагы жарандык акция болду. Тынчтык митингине болжол менен 1000ге жакын адам чогулуп, коррупционерлер түрмөгө отурсун деген талаптарды айтышты. Алардын арасында алыскы аймактардан бери атайын келген жарандар да болду.

Негизинен чогулгандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Митинг учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жүрүштү. Бирок акциянын катышуучулары чагымчылдыкка жол бербей, иш-чараны маданияттуу өткөрүп, талаптарын айткан соң бир саат ичинде тарап кетишти.