Бишкекте сайма саюу боюнча сынак өткөрүлдү (видео)

1258

Уздардын жарышы. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде сайма саюу боюнча сынак өткөрүлдү. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан келген 20 кыз-келин катышты. Быйыл көпчүлүктүн үшүн алган окуялар көп болгондуктан, жүрөк темасы коюлган.

Чеберлер 2 сааттын ичинде фантазиясына жараша үч түстөгү жип менен кездеменин бетине жүрөктүн формасын түшүрүшү керек болду. Талап боюнча катышуучулар белдемчи кийип чыгышты.