Бишкекте салынып жаткан жолдордун сапаты текшерүүгө алынууда (видео)

958

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы баш калаада салынып жаткан жолдордун сапатын текшерүүгө алды. Канат Музуралиев жетектеген комиссиянын рейди Кызыл-Аскерде жүрүп жаткан курулуштардан башталды. Ал жакта бир нече көчөлөрдө мүчүлүштүктөр байкалып, аларга жеринен эскертүүлөр берилди. Рейддин жүрүшүндө жолдордон тышкары, мыйзамсыз курулган ири обьект жана турак жайлар туурасында дагы маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы билим берүү мекемелерине кайрылып, мектептердин абалы менен таанышып чыкты.