Бишкекте “Сенин добушуң – сенин келечегиң!” аттуу үгүт кербени башталды

893

Бул иш-чаралар Борбордук шайлоо комиссиясынын мобилдик маалыматтык тобу тарабынан уюштурулуп, анда шайлоо жараянынын баскычтары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү жана добуш берүүнүн жол-жоболору, анын купуялуулугу тууралуу маалыматтар берилүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, бул үгүт кербени 14-сентябрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, анда жарандарга, өзгөчө жаштардын дарегине «эч нерседен коркпой добуш бергиле» деген чакырыктар айтылат.