Бишкекте шайлоочуларды жапырт каттоо фактылары байкалууда (видео)

1424

Бишкек шаарында шайлоочуларды жапырт каттоо фактылары байкалууда. Интернетте участкалык шайлоо комиссияларынын башчылары форма эки менен өздөрүнүн кишилерин гана каттап жатат деген видеолор тарай баштады. Акыркы изилдөөлөргө караганда, аймактардын тургундарынан борбор калаада добуш берүүгө арыз жазгандар көбөйгөнү аныкталган.

Мыйзамга ылайык, жаран каттоого турган жеринде шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, добуш берүүгө 15 күн калганга чейин жашаган жери боюнча участкага кайрылса, шайлоого катышууга уруксат берилет. Так ушул норманы айрым партиялар өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу аракетин көрүп жатканы айтылууда. Кыргызстанда ички миграция күч алдыбы же партиялардын ар бир аймактан 0,7 пайыздык босогодон өтүү аракетиби?