Бишкекте шайлоого катышуу ниетин 3 партия билдирди (видео)

4139

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиялардын арызын кабыл ала баштады. Бул өнөктүк 13-июнга чейин жүргүзүлөт. Ага чейин саясий бирикмелер съезддерин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек. Азырынча саясий өнөктүккө катышуу ниетин 3 партия билдиргени маалым болду.

Ал арада Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого катышкан саясий бирикмелердин саны мурдагыдан да көп болушу ыктымал деген божомолдор айтылып жатыптыр. Ошол эле убакта добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болуп, шайлоого катышуу укугунан ажыраган талапкерлердин тизмеси да даяр боло элек экен.