Бишкекте снайпер кармалды (видео)

1068

Чын эле снайперби, же оорулуу адамбы? Украинада согушуп келген көзгө атар делген аял Бишкекте Жогорку Соттун имаратына кирип бараканда кармалганы Кыргызстанда гана эмес, чет элдик басылмаларда дагы талкууланып жатат. Шектүү катары кармалган Наталья Резникованын жанынан 7.62 калибриндеги ок табылган. Анын интернеттеги социалдык баракчасында, мылтык кармап түшкөн көптөгөн фото сүрөттөрү илинген. Аскердик эксперттер болсо, Резникова снайпер экенинен күмөн санашууда. Бул аялдын таржымалын изилдей келгенде, бир топ кызыктуу фактылар аныкталды.