Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун айкели орнотулду

1908

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдына Сүймөнкул Чокморовдун бийиктиги үч метрге жеткен айкели орнотулду. Эстелик Россияда жасалып, жакында эле Кыргызстанга жеткирилген. СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкели, анын туулган күнүнө карата ачылат.

Быйыл 9-ноябрда белгилүү сүрөтчү, актер тирүү болгондо 78 жашка чыкмак. Ага арналган эстелик Уралдагы өнөрканалардын биринде бир жылга жакын убакыт бою жасалган. Монумент колодон чегилип, салмагы 600 килограммды түзөт.

Мындай өзгөчө чеберчилик менен жасалган эстеликтер Кыргызстанда саналуу гана дешет адистер. Бул демилгени «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фонд ишке ашырып, каражат марафон аркылуу чогултулган.