Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели тургузулат

1170

Бүгүн Сүймөнкүл Чокморовдун жаңы айкелинин эскизин тандоо болот. Сынакка 18 скульптор 27 эмгегин жөнөткөн. Алардын ичинен бешөө тандалып алынган.

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулуп, СССРдин эл артистинин туулган күнүндө 9-ноябрда ачылган.

Айкелди скульптор Алмаз Кожогулов жасаган. Бирок ал Чокморовдун өзүнө окшошпой калды деп коомчулукта ар кандай пикирлер айтылгандыктан, алмаштыруу чечими чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.