Бишкекте “Сур эчкинин каргышы” спектаклинин бет ачары болот

2098

Ак илбирстин эл аралык күнүнө жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Сур эчкинин каргышы” спектаклинин бет ачары болот. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында коюлат.

Спектакль Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” жана “Кыямат” чыгармаларынын негизинде даярдалды. Койгон режиссеру — эл артисти Жамал Сейдакматова. Спектакль ыр формасында жазылып, Найман эне менен Кожожаштын монологторун камтыйт.