Бишкекте суши-роллдор кандай шартта жасалат? (видео)

3270

Суши-ролл, пиццадан уулангандардын саны 180 адамга жетти. Көпчүлүгү — роллынын 3 түрүн жегендер. Учурда бейтаптар Бишкек шаарындагы 3, Чүй областындагы бир бейтапканада дарыланууда.

Жапырт уулануу фактысы катталгандан кийин, “Империя пиццы” кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 21 миң сом айыпка жыккан. Иш Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Эми башка дагы тамактануучу жайлар текшерилип башташы керек эле. Бирок Экономика министрлиги буга уруксат бере элек. Себеби эмнеде?