Бишкекте таксистке кол салгандар кармалды

498

Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Калыс-Ордо жаңы конушунун жанынан таңга маал 35 жаштагы жаранга кол салуу болгон. Кылмышка шектүүлөр «Ош» базарына жакын жерден таксиге отуруп, шаар четиндеги айылдардын бирине жеткирүүнү суранышкан.

Алар Калыс-Ордо жаңы конушуна жеткенде, айдоочуга мылтык такап унааны токтотууну буйруган. Таксист алардын колунан чыгып, качып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышка шектүүлөр анын артынан кууп, бир нече жолу ок чыгарышкан.

Бул фактыга байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган эки адам буга чейин уурулук, зордуктоо жана каракчылык боюнча соттолуп, абактан эки ай мурда эле чыгышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.