Бишкекте тартип сакчылары 7 миң сом пара менен кармалды (видео)

2745

Бишкекте эки милиционер пара менен кармалды. Колго түшкөндөр — Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери. Алар майда бейбаштык фактысы боюнча шектелген адамдан кылмыш ишин токтотуу үчүн 10 миң сом талап кылышкан.

Милиционерлер 7000 сом алып жатканда кармалды. Ички иштер министрлиги таза эмес кызматкерлерден арылуу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Былтыр 63 тартип сакчыга карата кылмыш иши козголгон.