Бишкекте таякеси 9 жашар жээнин унаасына байлап жерге сүйрөдү (видео)

939

Бишкектин “Алтын-Казык” конушунда 9 жаштагы жээнин унаага жип менен байлап алып сүйрөтүп сабады деп шектелген адамга карата «бейбашчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Үрөй учурган окуя өткөн ишемби күнү катталып, анда 2010-жылы туулган баланы 33 жаштагы таекеси акча уурдоого айыптап, тарбиялоо максатында ушундай кадамга барганы белгилүү болгон.

Сабалган бала учурда Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Тартип сакчыларынын маалыматына караганда, сабалган баланын апасы Россияга иштегени кеткен, атасы жок. Баланын абалын билүү үчүн бир да жакыны келбегени да маалым болду.